Описание
Окуу китебиндеги тапшырмаларды түзүүдө авторлор кыргыз тилин, мамлекеттик тилди баарлашуу каражаты катары окутууну максат кылышты. Кептик көндүмдөрдүн бардык түрлөрүн (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу) өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Китеп предметтик стандартта сунушталган 7 кептик тема боюнча түзүлдү: «Үй-бүлө», «Саякат. Эс алуу», «Кесип», «Кыргызстан», «Ден соолук», «Соода-сатык», «Кызыгуулар». Окуу китебинин бардык элементтери негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган. Негизги кептик материал катары көркөм адабияттан алынган тексттерден тышкары илимий-популярдык жана публицистикалык тексттер тандалып алынды. Ошондой эле китеп сүрөттөр, грамматикалык формалар боюнча таблицалар жана башка графикалык сүрөттөлүштөр, диаграммалар, тесттер, сөздүктөр менен коштолот. Бул китептин өзгөчөлүгү – атайын иликтөө баракчасы. Ал окуучулардын таанып-билүүсүн жана кызыгуусун арттырууга, өз алдынча иштөөгө, предмет боюнча алган билимин тутумдаштырууга, жалпылоого жана тереңдетүүгө багытталган.